Бүгүн, Кара Кыргыз автономиялуу облусуна 100 жыл толду

1924-жылы 14-октябрда Кара Кыргыз автономиялуу облусун негиздөө токтому кабыл алынган.

Бул СССРдин курамындагы Кара Кыргыз автономиясы болгон. Ошол кездеги мамлекеттүүлүктү негиздеген Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдрахманов жана башкалар болбосо, азыркы Кыргыз Республикасы болот беле, болбойт беле, белгисиз.

Айрым тарыхчылардын айтымында, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн Абдрахманов, Арабаев сыяктуу көрөгөч, даанышмандар болбогондо кыргыздар өз алдынча мамлекетке ээ болбой, азыркы Каракалпакстан сыяктуу макамга ээ болуп калмак.

Бүгүнкү күндүн баалуулугу кыргыз мамлекеттүүлүгүн ушул күнгө чейин сактап, анын кубаттуулугун арттырып келе жаткан мамлекеттин эң башкы байлыгы болгон адамдарда.

Бүгүнкү чыныгы тарыхый күн куттуу болсун!

14 Октябрь 2024 жыл 9:21

Тема боюнча