Бүгүн «Кудайберген» базарынын соодагерлери митингге чыгышты

Бүгүн, 2-декабрда «Кудайберген» базарынын соодагерлери ККМ жана ЭТТН киргизүүгө каршы митингге чыгышты. Алар базардын борбордук бөлүгүнө чогулушту. ⠀

Алардын талаптары башка базарларда иштеген ишкерлердин талаптары менен бирдей: кассалык аппараттарды колдонууну жоюп, мурдагы салык системасына кайтуу. Башкача айтканда, соодагерлер патенттин негизинде иштөөгө уруксат берүүнү талап кылууда.

Учурда базардагы контейнерлер жабык.

2 Декабрь 2023 жыл 12:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча