«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 20-октябрга чейин камакка алынды. Сот анын бөгөт чарасын 25-сентябрда карады.
Жактоочусу Алманбет Бексултановдун айтымында, Кылмыш жаза кодексинин 327-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо») менен кылмыш иши 8-сентябрда козголгон. 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин ал 278-беренеге («Массалык башаламандыктар») алмаштырылган.
Шамшидин уулун 21-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кармаган. УКМК бул боюнча расмий маалымат тарата элек.