«Балага сүйүнчү»: Мобилдик тиркеме аркылуу бир күндө миңден ашык арыз түштү

 «Балага сүйүнчү» жөлөк пулун алууга мобилдик сервис ишке кирген биринчи күнү 1 029 арыз түштү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын 584ү (56,8%) «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу берилсе, 445и (43,2%) Калкты тейлөө борборлору жана жарандык абалдын актыларын каттоо органдары аркылуу таризделген.

«Жаңы сервис ата-энелерге мекемелерге барбастан, жөлөк пул алууга электрондук форматта арыз берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошол эле учурда кызматты тиешелүү мекемелер аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү да сакталган»,-деп айтылат маалыматта.

15 Октябрь 2026 жыл 14:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча