Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу-методикалык комплекстер боюнча мамлекеттик ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү.
Жыйында 2027–2030-жылдарга Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруунун мамлекеттик программасын иштеп чыгуу маселеси талкууланды. Белгиленгендей, бул жылдар аралыгында болжол менен 38 млн нуска окуу материалдарын басып чыгаруу зарыл.
Жыйындан соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга президенттин жарлыгын ишке ашырууга жана 2027–2030-жылдарга карата мамлекеттик программаны өз убагында даярдоону камсыздоого багытталган конкреттүү тапшырмалар берилди.