Шашылыш билдирүү! 17–18-октябрда айрым аймактарда үшүк жүрүшү күтүлөт

2026-жылдын 17–18-октябрында түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун түндүгүндө, Талас облусунун Айтматов районунда жана Ысык-Көл облусунун Түп районунда абанын температурасы 0…-2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты.

Мындай үшүк мөмө-жемиштерге, жашылчаларга, казылып алынган жана жабылбай калган картошкага, ошондой эле кант кызылчасына коркунуч жаратышы мүмкүн.

15 Октябрь 2026 жыл 15:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча