2026-жылдын 19–23-октябрь күндөрү Боом капчыгайында, Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, иштер саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу жол убактылуу жарым-жартылай жабылып, унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.
Эгерде 30–40тан ашык унаа топтолсо, унаалардын өтүшү үчүн иш убактылуу токтотулат.
Сапарыңызды алдын ала пландап коюңуздар.