Ош облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу очокторун аныктоо боюнча күзгү изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин буйругунун негизинде адистер райондордо талаа изилдөөлөрүн жүргүзүп, чегирткелердин жумурткалары жайгашкан жерлерди, санын жана таралуу аянттарын аныктап жатышат.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы 2027-жылы зыянкечтердин таралышын болжолдоого жана аларга каршы күрөшүү, химиялык иштетүү иштерин өз убагында пландаштырууга мүмкүндүк берет.
Бул иштер айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден коргоого жана мүмкүн болуучу чыгымдардын алдын алууга багытталган.