Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаковду кабыл алды.
Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага Марлен Маматалиев Абылкаир Скаковду Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, тажрыйбалуу элчи катары боордош эки элдин алакасын чыңдоого чоң салым кошоруна ишенерин билдирди.
Муну менен катар төрага Кыргызстан менен Казакстанды тарыхый, маданий жана руханий байланыштар, бир туугандык жана достук мамилелер бириктирип турарын белгилеп, стратегиялык өнөктөштүктүн алкагындагы алакалар тууралуу сөз кылды.
Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын июнь айында Казакстанга жасаган расмий сапары ийгиликтүү болуп, анда кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган маанилүү маселелер талкууланганын эске салган Марлен Маматалиев коңшу өлкөдөгү жаңы Курултайдын депутаттарын шайлоо өнөктүгүнүн ийгиликтүү өтүшү менен да куттуктай кетти.
Андан тышкары, кызматташтыкты кеңейтүү жаатындагы сунуштары менен бөлүшкөн Марлен Маматалиев анын ичинен Чолпон-Ата – Алматы унаа жолун куруу зарыл экенин белгиледи.
«Бизде алакаларды өнүктүрүүгө арналган мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Андыктан калыптанган байланыштарды дагы тереңдетип, биргелешкен транспорттук-логистикалык долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет», – деди төрага.
Маданий-гуманитардык багыттагы алакалар тууралуу да кеп козгогон Марлен Маматалиев буга чейин Астана шаарындагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу демилгеси көтөрүлгөнүн эске салып, элчини аталган маселеге көңүл бурууга чакырды.
Өз кезегинде Абылкаир Скаков жылуу кабыл алып, айткан сунуш-пикирлери үчүн Марлен Маматалиевге ыраазычылыгын билдирип, элчилик ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарына токтолду.
«Казакстан Кыргызстан менен бир туугандык мамилелерге негизделген стратегиялык өнөктөштүктү өрчүтүүгө кызыкдар. Айрыкча эки өлкө башчылары баштап берген кызматташтыкты жигердүү улантып, кыргыз-казак алакасын бардык багыттар боюнча өнүктүрүшүбүз керек», – деди элчи.
Ошону менен катар акыркы беш жыл аралыгында эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга 13 жолу келип кеткенин мисал кылган Абылкаир Скаков парламенттер аралык кызматташтык да жогорку деңгээлде экенин кошумчалады.