Чаткалда «чаарат ЗААВ» өндүрүштүк ишканасынын курулушуна капсула салынды

Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев Чаткал районундагы «Чаарат ЗААВ» компаниясынын өндүрүштүк ишканасынын курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, компания 2021-жылдан бери райондо геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, Түлкүбаш жана Кызылташ алтын долбоорлорун өнүктүрүүдө. Долбоорлорго жалпысынан 556 млн доллар инвестиция тартуу каралган.

Учурда ишканада 129 адам эмгектенет. Долбоор толук ишке ашса, 600гө жакын жумуш орду түзүлөт.

Тилек Текебаев жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыздоого, жаштарды кесипке үйрөтүүгө жана экологиялык, өндүрүштүк коопсуздук талаптарын сактоого көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле компания менен жергиликтүү администрациянын келишимине ылайык, калкты социалдык жактан колдоого жыл сайын 14 млн сом бөлүү каралган.

15 Октябрь 2026 жыл 17:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча