Балдарына окуу куралдарын алуу үчүн барган аялдын акчасын уурдап алган шектүү кармалды

Бишкекте милиция кызматкерлери уурулукка шектүүнү кармады. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-августта Ленин РИИБге аял киши кайрылып, ошол эле күнү «Ош базарында» анын баштыгындагы капчыгын 15 миң сому менен уурдап кеткенин айткан. Ал акчага аял балдарына окуу куралдарын алмак.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1981-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда

3 Сентябрь 2023 жыл 13:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча