Балыкчы – Жалал-Абад жолунда 3 заманбап тейлөө пункту курулууда

Балыкчы – Жалал-Абад альтернативдүү унаа жолунун 107, 260 жана 357-чакырымдарында үч заманбап жол тейлөө пункту курулууда. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда объектилерди бүткөрүү иштери жүрүп жатат.

Алардын бири 107-чакырымда, экинчиси Тогуз-Торо районунун аймагындагы 260-чакырымда, үчүнчүсү Сузак районундагы 357-чакырымда жайгашкан.

Жаңы пункттар жол тейлөө кызматкерлеринин иштөөсүнө, атайын техникаларды жайгаштырууга жана тейлөөгө, ошондой эле ар кандай аба ырайында жолдорду үзгүлтүксүз тейлөөгө шарт түзөт.

Долбоор өлкөнүн жол тейлөө инфраструктурасын жаңылоого багытталган. Мындай пункттарды мындан ары башка автомобиль жолдорунда да куруу пландалууда.

18 Ноябрь 2026 жыл 9:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча