Мээрим Жуманазарова Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында финалга чыкты.
Жуманазарова 1/8 финалдан баштап, алгач монголиялык балбанды жеңип, андан соң чейрек финалда бул салмакта башкы фаворит япониялык Нонока Озакиден жеңишти жулуп алган.
Жарым финалда кыргызстандык балбан 35 жаштагы Африканын 13 жолку чемпиону нигериялык Блессинг Оборудуду менен кез келди. Беттеш Жуманазарованын жеңиши менен аяктап, финалга чыккан.