Башкы прокуратура Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн кайрадан макулдук сурады

31-майда Башкы прокуратуранын Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду жоопко тартуу сунушу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлдү.

Комиссияга Ханджеза Карим (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Исмаилов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу) кирди.

Парламенттин 31-майдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча баш прокурордон сунуш түшкөнүн билдирген.

Сунушта Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексиндеги 36-берене (Кылмышка даярдык көрүү), 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 1-бөлүгү, 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу) 338-беренесинин (Бийликтен аша чабуу) 3-бөлүгү боюнча жоопко тартуу үчүн уруксат суралган.

Мадумаров бул беренелер боюнча үн ката элек.

Башкы прокуратура ушуну менен Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат. Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган. Ага «чыккынчылык» боюнча айып тагылганын өзү билдирген.

Мадумаровдун ишине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия аны жоопко тартууга уруксат бербөө чечимин кабыл алып, парламент колдогон.

31 Май 2023 жыл 14:23

Тема боюнча