30-июнда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Кыргызстандын баш прокурорунун милдетин убактылуу аткаруу Бектурганов Малик Маамыталиевичке жүктөлдү.
51 жаштагы юстициянын генерал-майору баш прокурордун биринчи орун басарлыгына быйыл 14-февралда дайындалган.
Ушул эле күнү баш прокурор Максат Асаналиев кызматынан бошотулуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.