Баткенде 9 жыл мурун Россияда адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

9 жыл мурун Россияда адам өлтүрүүгө шектүү Баткенден кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы Россияда адам өлтүрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш иши Кыргызстандын укук коргоо органдарына өткөрүлүп, үстүбүздөгү жылы 3-декабрда Кадамжай РИИБине катталган.

Тергөө материалдарына ылайык, Кадамжай районунун 45 жаштагы тургуну С.А. Москва облусунда чыккан уруш учурунда 1973-жылкы Т.Ж.га бычак менен сокку уруп, анын өлүмүнө себепкер болгон.

Россиянын тергөө органдары тарабынан күнөөсү далилденген соң, кылмыш иши эл аралык конвенциянын негизинде Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында шектүү Кадамжай районунун аймагынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

18 Декабрь 2025 жыл 11:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча