Баткенде «Максат» чек ара заставасы ачылды

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда «Максат» чек ара заставасы ачылды. Иш-чарага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

УКМКдан кабарлашкандай, жаңы ачылган заставанын имаратынын жана бөлүктөрүнүн абалы менен таанышып чыккан.

Заставанын имараты жаңыдан түптөлүп, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо шарттары заман талабына шайкеш деңгээлде жакшыртылган. Мында аскерлердин эс алуу бөлмөлөрү, машыгуу залы, фельдшердик бөлүм, жайкы ашкана, футбол аянтчасы, унаа токтоочу жайлары, мончо сыяктуу эң зарыл болгон шарттар камсыздалган.

Алыскы аймактардан келип кызмат өтөгөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн абалы эске алынып, кызматтык үйлөр да камсыздалган, балдар үчүн ойноочу аянтчасы да бар.

Камчыбек Ташиев чек ара кызматынын өкүлдөрү жана жоокерлер менен бирге тамактанып, жакындан баарлашты.

29 Май 2023 жыл 11:32

Тема боюнча