Баткенде мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн ишкерге 200 миң сом айып салынды

Баткенде мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн ишкерге 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай шаарынын Орозбеков көчөсүндө курулуп жаткан ашкананын 2-кабаты боюнча тиешелүү архитектуралык документтери жок курулуш-монтаждоо жумуштары башталгандыгы, мындан тышкары техникалык коопсуздук эрежелери толук аткарылбагандыгы аныкталган.

Натыйжада ашкананын ээси Н.Алимжановго карата башкармалык тарабынан акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилип, административдик протоколдун негизинде 200 миң сом айып салынды.

Мындан сырткары, ашкананын экинчи кабатындагы курулуш иштери боюнча тиешелүү документтерди алуу талабы коюлду.

2 Декабрь 2025 жыл 17:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча