
Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси нейтралдуу аймак болуп чечилди. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
«Эми бирөө келип, «менин жерим деп» тосуп ала албайт. Ушу менен чечилди. Төрт-Көчө боюнча айтарга сөз көп. Кийин айтам. Буга чейинки биздин чиновниктердин, мамлекеттик чоң жетекчилердин жасаган иштери чыккынчылык болгонун мен дагы бир жолу айта кетейин. Мен муну силерге жакшылап түшүндүрөм»,- деди ал.