“Батуми” кафеси буздурулууда

Бишкектин Тыналиев көчөсүндөгү жалпы аянты 1300 чарчы метрди түзгөн “Батуми” кафеси буздурулууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жеринде мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Ленин районунун акими Мураталы Тагаев, Жер пайдаланууну контолдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев жана башка кызматтардын өкүлдөрү иш алып барууда.

Аталган кафени бузуу иштерине “Тазалык” муниципалдык ишканасынын бузуу бөлүгүнүн жумушчулары тартылган.

Белгилей кетсек, «Эстоунд» ЖЧКсынын жер тилкелерине ижарага укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылган. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына объектти бузуу тапшырмасы берилген.

Мекеменин өкүлдөрүнө 2023-жылдын 17-майында өз ыктыяры менен демонтаждоо тууралуу эскертүү берилген, бирок талап аткарылган эмес.

24 Май 2023 жыл 14:36

Тема боюнча