
2025-жылдын 14-16-май күндөрү Кытай Эл Республикасынын Ухань шаарында «World Digital Education Conference – 2025» (WDEC) аттуу Бүткүл дүйнөлүк санарип билим берүү конференциясы өтүп жатат. Бул дүйнөлүк маанидеги иш-чарага Кыргызстандын атынан — BIA.KG’ сайтынын журналисти катышууда.
Конференциянын урааны: «Билим берүүнү өнүктүрүү жана өзгөртүү: Акыл доору». Иш-чараны Кытайдын Билим берүү министрлиги, ЮНЕСКОнун Кытайдагы улуттук комиссиясы жана Хубэй провинциясынын эл өкмөтү уюштурган.
Иш-чарада дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнөн билим берүү министрлери, ЮНЕСКО, ЮНИСЕФ өкүлдөрү, Нобель жана Тьюринг сыйлыгынын лауреаттары, дүйнөлүк алдыңкы университеттердин ректорлору катышып жатышат.
Конференциянын ачылышында Кытай Эл Республикасынын Премьер-министри жана билим берүү министри атайын сөз сүйлөштү, ошондой эле башка өлкөлөрдөн келген жогорку даражалуу өкүлдөр да билим берүүдө санариптик чечимдер тууралуу ой бөлүшүштү.
Башкы демилгелердин катарында:
– Кытайдын “Интеллектуалдык билим берүү” боюнча Ак китеби жарыяланды
– Санарип билим берүүнүн Улуттук стратегиясы 2.0 ишке киргизилди
– Бүткүл дүйнөлүк санарип билим берүү көрсөткүчү (индекси) тааныштырылды
– Цифралык моделдер үчүн эл аралык стандарттар сунушталды
Конференция алкагында катышуучулар Ухань шаарындагы заманбап билим берүү мекемелерине барышып, “AI жана STEM билим берүү” темасында атайын сессияларга да күбө болушууда.