Бир класста окуган 40 баланын санын 20га түшүрөбүз. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров Ош шаарындагы 10 мектептин курулушуна старт берүү учурунда билдирди.
Жапаров мугалимдер менен баарлашып жатып, мектептердин кошумча курулушу менен андагы орун жүктөмү көйгөйү чечиле тургандыгын айтып өттү.
“Бул мектептердин бүтүшү менен 40тан окуган балдардын саны 30га түшөт экен. Эмдиги жылдары аны 20га түшүрөбүз. 30 жылдан бери мектептер салынып келсе, бүгүн мындай бир класста 40-50дөн бала окубайт эле. Колубуздан келишинче, күчүбүздүн жетишинче 5 жылдан бери мектептерди салып келүүдөбүз. 2023-жылга чейин бул маселени жоюп бүтөбүз”,-деп белгиледи мамлекет башчысы.