Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери аяктады

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери аяктады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ, 26-январь күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда ӨКМдин ыкчам тобу жана артиллериялык эсеби кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү иш-чараларын Бишкек-Ош унаа жолунун 222-223-чакырымында жүргүздү.

Натыйжада жалпысынан көлөмү 143305 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолго жеткен эмес.

Белгилей кетсек, бул жолку Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иштери жыйынтыкталды.

27 Январь 2025 жыл 9:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча