Быйылкы жаңы окуу жылына карата Бишкекте 20, Ош шаарында 10 жана Манас шаарында 6 жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов «Кабар» агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, Ош шаарында 10 мектеп салынып бүтүп, пайдаланууга берүү каралган. Алардын үчөө толугу менен бүткөрүлүп, 11-сентябрда ачыла турган жалпы республикадагы социалдык объектилердин катарына кирди. Учурда дагы төрт мектепте жана башка билим берүү объектилеринде курулуш иштери кызуу журуп жаткандыгы маалымдалды.
Музулманов белгилегендей, калк жыш жайгашкан аймактарда жаңы мектептерди куруу менен катар билим берүү мекемелерин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери да аткарылууда.
“Башка мектептер да толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, жаңы окуу жылына даярдалат. Кыргызстандагы бардык мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы атайын комиссия тарабынан жеринде текшерилип, аныкталат”, – деди ал.
Ошондой эле өткөн окуу жылында өлкө боюнча 117 мектеп оңдоп-түзөөдөн өтсө, анын 71и жаңы курулуп, калгандары капиталдык оңдоодон өткөрүлгөнү кошумчаланды.