Кыргызстанда санкциялык режимдерди айланып өтүүгө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында дагы 19 юридикалык жакты мажбурлап жоюу процесси демилгеленди.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, бул боюнча президенттин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн эл аралык санкциялык режимдерди сактоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелери талкууланган жумушчу кеңешмеде маалымдалды.
Жыйынга мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.
Белгиленгендей, буга чейин санкциялык тобокелдиги жогору болушу мүмкүн болгон болжол менен 40 компаниянын тизмеси түзүлүп, аларга карата текшерүү жүргүзүлгөн. Комплекстүү талдоонун жыйынтыгында 19 компаниянын ишин токтотуу зарыл деп табылган.
Бул чечимди ишке ашыруу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү органдарга 19 юридикалык жакты мажбурлап жоюу процессин демилгелөө боюнча кайрылуу жөнөтүлдү.
Калган компанияларга карата текшерүү иштери улантылып, анын жыйынтыгына жараша мыйзам чегинде мындан аркы чаралар көрүлөт.
Ошондой эле мамлекеттик банктар комплаенс-көзөмөлдү күчөтүп жатканы белгиленди. Тактап айтканда, июль айынан 14-августка чейин «Элдик Банк» 109га жакын компания менен ишкер мамилесин токтотсо, «АБанк» 35ке жакын компания менен кызматташууну токтоткон.
Кабыл алынып жаткан чаралар санкциялык тобокелдиктерди азайтууга, финансылык операциялардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана Кыргызстандын мыйзамдары менен эл аралык милдеттенмелеринин талаптарын сактоого багытталган.