Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-августтан 17-августка караган түнү Тоң районунун «Аалам-Ордо» аймагында Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери браконьерликке каршы рейд жүргүзүшкөн.
Анын жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулап жаткан эки жаран кармалган. Алардан 50 чебак, болжол менен 13 судак, 6 синтетикалык тор жана үйлөмө желим кайык далил зат катары алынган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголкп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.