Аскат Жетиген 3 жылдык абактагы мөөнөтүн өтөп бүтүп, эркиндикке чыгат

Эртең, 2026-жылдын 19-августунда акын Аскат Жетиген 3 жылдык абактагы мөөнөтүн өтөп бүтүп, эркиндикке чыгат. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова социалдык тармактарда билдирди.

Эскерте кетсек, Аскат Жетиген 2024-жылдын мартында кармалган. Ага эки берене боюнча айып коюлган: 278 (Массалык башаламандыктарга чакырык жасоо) жана 327 (Бийликти басып алууга ачык чакырык жасоо). Бишкектин Биринчи май райондук соту 20-мартта аны тергөө абагына камаган.

18 Август 2026 жыл 12:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча