Өзбекстандын жогорку окуу жайларында 2026-2027-окуу жылында мамлекеттик гранттын негизинде билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына 20 квоталык орун бөлүндү.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришкендей, бөлүнгөн орундар боюнча талапкерлерди тандоо Ош мамлекеттик университетинде жүргүзүлөт. Кыргызстандын жарандары бакалавриаттын мектепке чейинки билим берүү, компьютердик инженердик долбоорлоо, агрономия, суу чарбасы жана мелиорация, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо, ошондой эле курулуш инженердик долборлоо багыттары боюнча тапшыра алышат.
Документтерди кабыл алуу 22-августка чейин, ал эми кирүү сынактары 24-августта саат 08:00дө Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда өтөт.
Талапкерлер эки профилдик предмет боюнча сынак тапшырат. Окутуу өзбек жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.
Документтер Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 331 дарегиндеги ОшМУнун кабыл алуу комиссиясынын №137-кабинетинде кабыл алынат.
Белгилей кетсек, медициналык маалымкат Өзбекстанга киргенге чейин кеминде эки жума мурда берилүүгө тийиш.