Талас облусунда Кызыл-Адырдан Чоң-Капка өткөрмө пунктуна чейинки 11 чакырым жолго толугу менен асфальт төшөлдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жолдун жаңыланышы аймактагы транспорттук байланышты жакшыртып, жергиликтүү тургундар үчүн жүрүүгө ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзөт.
«2026-жылы Таластын Айтматов жана Манас райондорунда жалпы 28 чакырым жолду асфальттоо пландалган. Учурда анын ичинде Тараз – Покровка – Кайыңды жолунун 9 чакырымында жана Гребень – Плотина – Покровка жолунун 8 чакырымында иштер уланууда», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, жол куруу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.
