Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанда сот бийлиги көз карандысыз болушу керектигин билдирди. Ал бул тууралуу 17-августта «75чилердин иши» боюнча Бишкек шаардык сотундагы отурумга кирип баратып журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Ал ошондой эле Биринчи май райондук сотунун «75чилердин каты» боюнча чыгарган өкүмү бийлик менен макулдашылбаганын белгиледи.
Райондук сот Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана дагы бир катар адамдарды «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыраткан. Бирок сот айыпталуучуларга үч жылдык пробация берип, аларды эркиндикте калтырган. Өкүмгө каршы тараптар Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз беришкен. Учурда иш шаардык сотто каралууда.