Пенсиялардын орточо өлчөмү 12 898 сомго чейин жогорулайт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде бир катар актуалдуу социалдык маселелерди, анын ичинде пенсияларды жогорулатууну карады.

Кеңешменин жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы 2026-жылдын 1-октябрынан тартып камсыздандыруу бөлүгүндөгү пенсияларды индексациялоо жана пенсиянын минималдуу өлчөмүн 8 800 сомго чейин жогорулатуу пландалып жатканын билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, индексациянын коэффициенти 1,20 өлчөмүндө, башкача айтканда 20 пайызга белгиленди.

«8800 сомго чейинки пенсиялар үчүн камсыздандыруу бөлүгүн орточо жогорулашы 141% ды түзөт, ал эми 8800 сомдон жогору пенсиялар үчүн камсыздандыруу бөлүктөрүнүн жогорулашы 120% ды түзөт. Индексациянын натыйжасында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет, ал эми орточо жогорулоо 1 753 сомду же 116% ды түзөт»,- деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Бул маселе боюнча Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевге индексация боюнча бардык эсеп-кысаптарды, каржылык камсыздоону жана пенсионерлерге төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү боюнча толук даярдык жүргүзүү, ошондой эле жарандардын арасында кеңири түшүндүрүү иштерин уюштуруу тапшырылды.

17 Август 2026 жыл 14:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча