Ошто суу каналында иче-карын жуугандар айып пулга жыгылды

Кечээ, 16-августта Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында санитардык талаптарды сактабаган жаранды аныктады. Бул тууралуу инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаран ирригациялык тармактагы сууну пайдаланып, ичеги-карын жууп жаткан жеринен кармалган. Ага карата административдик протокол түзүлүп, айып пул салынды.

Муниципалдык инспекция шаар тургундарын санитардык талаптарды жана айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин сактоого, ошондой эле ирригациялык тармактарды тиричилик калдыктары менен булгабоого чакырды.

Ошто суу каналында иче-карын жуугандарга айып пул салынды

17 Август 2026 жыл 11:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча