Рысгүл Акимжанова айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Акимжанова Рысгүл Абдыманаповна суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды.

Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Мындан тышкары, министрликтин айрым башкармалыктарынын жетекчилери дайындалып, алар министрликтин жамаатына тааныштырылды.

17 Август 2026 жыл 14:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча