Бишкекте 1-сентябрда бюджеттик уюмдардын кызматкерлери эс алат

 1-сентябрь Бишкек шаарында жайгашкан бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эс алуу күнү болот. Бул күнү кызматкерлердин орточо күндүк эмгек акысы сакталат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чечим министрлер кабинетинин токтому менен кабыл алынды.

Ал эми 31-август – Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү – мыйзамга ылайык иш эмес майрам күнү болуп саналат.

Жеке менчик уюмдар үчүн 1-сентябрды эс алуу күнү катары белгилөө сунуштама мүнөзүндө болот.

17 Август 2026 жыл 15:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча