«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасына жаңы директор дайындалды

Сагынбеков Рысбек Сагынбекович «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Рысбек Сагынбековду ишкананын кызматкерлери менен вице-мэр Рамиз Алиев тааныштырды.

3 Ноябрь 2024 жыл 10:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча