Бишкекте 21 адам шаурмадан ууланды

Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 21 киши шаурмага ууланганын маалымдады. Алардын 15и Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылган.

Бейтаптардын экөө балдар. Алты адам үйүнөн дарыланууга чыгарылган.

Тез татым жайлары Чүй проспекти менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.

Кардарлар ууланган эки тез татым жайларын иштеткендерге 72 миң сом айып салынып, кемчиликтерин жойгуча жабылды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уулануу фактысы боюнча чукул жыйын өткөргөнү маалым болду.

1 Октябрь 2023 жыл 16:20

Тема боюнча