Бишкекте автобус үчүн атайын тилке чоң көчөлөрдүн баарында болот

Бишкекте автобустар үчүн атайын тилкелер бардык чоң көчөлөрдө болот. Бул тууралуу вице-мэр Рамиз Алиев социалдык тармакта жазды.

Ал 29-сентябрда Айтматов проспектисиндеги аялдамадан мэрияга автобус менен болжолдуу 20 мүнөттүн ордуна 45 мүнөттө жеткенин айтты. Вице-мэр жолдун көпчүлүк бөлүгүн ичинде бир-экиден гана адам отурган унаалар ээлеп турганына көңүл бурду. Ошол эле учурда 60 жүргүнчүсү бар автобус тыгынга кептелип калган.

«Биз автобустагы 60 жүргүнчүнүн кызыкчылыгын автоунаа ээлеринин ыңгайлуулугунан жогору коюшубуз керек. Мэрияда концепция бар: автобустар тыгында турбашы керек. Бул концепцияга ылайык, автобустар үчүн атайын тилкелер дээрлик бардык көчөлөргө түшүрүлөт», — деп жазды Алиев.

29 Сентябрь 2026 жыл 15:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча