Бишкекте бак-дарактарды сугаруу күчөтүлдү

Жайдын аптаптуу күндөрүндө борбор калаадагы сейил бактарды, гүлзарларды, бак-дарактарды, жашыл газондорду сугаруу иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

Мэриядан билдиришкендей, сугат иштеринде бардык мүмкүн болгон ыкмалар колдонулууда: арык аркылуу сугаруу, автоматтык жаадыруучу системалар, автосугат тутумдары, ошондой эле арык тармагы жок жерлерде атайын сугаруучу техникалар тартылган.

Бүгүнкү күндө сугат суусу төмөнкү каналдар аркылуу берилүүдө:

  • Аламүдүн дарыясынан «Асанбай» каналы — 600 л/с (күн сайын);
  • Көк-Жар аркылуу Сельский каналы — 100 л/с (дүйшөмбү–шейшемби күндөрү);
  • Аламүдүн дарыясынан «Карагоо» каналы — 350 л/с (өтүнмө боюнча);
  • Аламүдүн дарыясынан «Эсен» каналы — 400 л/с (өтүнмө боюнча);
  • Аламүдүн дарыясынан «Жергазар» каналы — 320 л/с (өтүнмө боюнча);
  • Түштүк Чоң Чүй каналы — 400 л/с (өтүнмө боюнча);
  • Батыш Чоң Чүй каналы — 350 л/с (өтүнмө боюнча);
  • Чыгыш Чоң Чүй каналы — 1000 л/с (күн сайын);
  • Ала-Арча дарыясынан «Кыргызстан-1» каналы — 600 л/с (күн сайын).

«Жалпы берилүүчү суунун көлөмү секундуна 4120 литрди түзөт. Мындан тышкары, күн сайын саат 19:00дөн 03:00гө чейин борбор калаанын төрт районунда бак-дарактарды түнкү сугаруу жүргүзүлүүдө. Бул иштерди аткарууга 30 атайын техника тартылган. Сугат иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, адистердин туруктуу көзөмөлүндө турат. Автоматташтырылган системалар жана арык аркылуу сугаруудан тышкары, арык тармагы жетпеген аймактарда атайын техникалар менен кошумча сугаруу иштери жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

24 Июнь 2026 жыл 15:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча