Бишкек шаарында аймакты көрктөндүрүү жана курулуш талаптарын сактабаган ири курулуш компанияларына чара көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Атайын рейддин жүрүшүндө Ч. Валиханов, Мичурин, Зеленая жана Загорск көчөлөрүндө курулуп жаткан 9 кабаттуу турак үйлөрдүн айланасы текшерилди.
Анда компаниялар ички жолдорду уюштуруу, тротуарларды куруу, унаа токтотуучу жайларды түзүү, жарыктандыруу жана жашылдандыруу боюнча башкы талаптарды аткарышпаганы аныкталган.
Мыйзам бузуулар үчүн «Дивизион Строй», «Ак Билдинг» жана «Арт Вин» ЖЧКларына милдеттүү көрсөтмөлөр берилип, кемчиликтер толук жоюлганга чейин курулуш иштери токтотулду.