Бишкекте өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысы жанды

Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысы салтанаттуу түрдө жанды. Бул азем жаңы жылга карата расмий старт берип, борбор калаанын тургундарына жана конокторуна жомоктогудай жаңы жылдык маанай тартуулады.

Ачылыш аземинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Ошондой эле аянтта майрамдык көңүл ачуу аймагы уюштурулду. Шаар тургундары жана анын коноктору үчүн аянты 1 500 чарчы метрлик муз аянтча, соода күркөлөрү жана фуд-корт, этно-аймак, мастер-класстар зонасы, Санта Клаустун үйү, фотозоналар жана балдар үчүн оюн аянтчасы ишке кирди.

Белгилей кетсек, башкы жаңы жылдык балатынын бийиктиги 32 метрди түзөт.

16 Декабрь 2025 жыл 9:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча