Бишкекте Кыргызстандын жарандарын Россияга мыйзамсыз түрдө ишке орноштуруу аракеттери токтотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаары, Кадырбай-Ата көчөсү, 1-дарегинде тийиштүү уруксаты жок туруп, жарандарды чет өлкөгө жумушка тартуу иштери уюштурулган.
Буга байланыштуу ИИМ тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексинин «Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк» беренесине ылайык административдик протокол түзүлдү.
Министрлик чет өлкөгө ишке орноштурууну сунуштаган агенттиктердин расмий уруксаты болушу шарт экенин эскертет.
Алдамчылардын курмандыгы болбош үчүн: