Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникасына 43 адам шаурмага ууланып кайрылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Уулангандардын 23ү ооруканага жаткырылды, алардын экөө жаш бала. 20 бейтап үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү.
Министрликтин билдирүүсүндө, бейтаптардын абалы туруктуу, керектүү дары-дармектер менен камсыз болушкан.
«Алардын бары зарыл болгон дары-дармектер менен камсыз болушту. 20 адам медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кечээ, 1-октябрда Бишкектин Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Беш Лаваш» жана «Мидос» тез татымдарынан шаурма жегендер массалык түрдө ууланганы тууралуу маалымат тараган.