Бишкекте жаңы заманбап санитардык жайлар пайда болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясында коомдук даараткана тармагын өнүктүрүү жана модернизациялоо маселесин талкуулоо үчүн мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы астында кеңейтилген жыйын өттү.
Долбоордун алкагында шаардагы төрт райондо жайгаштырылуучу санитардык объекттер үчүн 26 мүмкүн болгон жер аныкталды:
Белгиленгендей, жайгаштыруу жерлерин тандоодо жөө жүргүнчүлөрдүн, туристтик жана транспорттук агымдардын анализи, ошондой эле шаар тургундарынын пикир сурамжылоолорунун жыйынтыктары эске алынды.
Өзгөчө көңүл мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шаардык инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүнө бурулган — жаңы объекттердин бардыгы инклюзивдик стандарттарга жана тоскоолдуксуз чөйрө принциптерине ылайык долбоорлонот.
Мэрия шаардыктарды ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүү ишине активдүү катышууга чакырат.
Жаңы коомдук дааратканаларды орнотуу боюнча сунуштарды төмөнкү байланыштар аркылуу жөнөтүүгө болот: [email protected], +996 707 976 747.