Бишкекте жер титирөөгө туруктуу тетиктерди чыгаруучу завод курулууда

 Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиадолбоорунун алкагында Кыргызстандагы алгачкы жер титирөөгө туруктуу тетиктерди чыгаруучу заводдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министр өлкөдө сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо жана курулуш тармагына заманбап технологияларды киргизүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Ишкана Бишкек шаарынын Чокон Валиханов көчөсү, 2 дарегинде жайгашкан. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 6 222 чарчы метрди түзгөн завод курулууда. Жаңы өндүрүш базасы министрликке караштуу Мамлекеттик сейсмотуруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун аймагына жайгашат.

Нурдан Орунтаев завод ишке киргенден кийин имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатууга багытталган заманбап жер титирөөгө туруктуу тетиктерди чыгара турганын билдирди.

«Бул долбоордун ишке ашуусу курулуш тармагына алдыңкы технологияларды киргизүүгө, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга жана объектилердин сейсмикалык коопсуздук деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт», — деди ал.

9 Июль 2026 жыл 17:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча