Бишкекте жылуулук 25-мартта өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн жылытуу мезгилин аяктоо маселеси боюнча штабдын жыйыны болуп өттү.
Анда эки күндөн кийин жылытуу мезгилин аяктоо чечими кабыл алынды.
Белгиленгендей, күз-кыш мезгилинин жүрүшүндө бардык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылышты.
Эми муниципалдык кызматтар кийинки жылытуу сезонуна даярдык иштерин башташат, анын ичинде оңдоо жана профилактикалык иштер жүргүзүлөт.