Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев Бишкектеги № 55 орто мектептин капиталдык ондоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мектептин шифер чатырын темир чатырга алмаштыруу, ошондой эле электр монтаждоо жана сыртын сырдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Оңдоо иштерин бүтүрүү 2023-жылдын 15-августуна белгиленген.
Аким подряддык уюмдардын жетекчилерине жана тиешелүү адистерге оңдоо иштерин тездетүү жана өз убагында пайдаланууга берүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, шаардагы №55 орто мектеп 1968-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Мектептин долбоордук кубаттуулугу 1070 орунга ылайыкталган, иш жүзүндө 2025 окуучу билим алат.