Бишкектин Кара-Жыгач конушундагы №91 мектептин 750 орундуу жаңы корпусунун курулушу аяктоо алдында турат.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган курулуш иштери быйыл март айында башталган. Үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 8 миң 234 чарчы метрди түзөт.
Жаңы корпуста окуу класстарынан тышкары лабораториялык жана компьютердик кабинеттер, китепкана, ашкана, медициналык кабинет, спорт жана жыйындар залдары каралган. Учурда ички-сырткы жасалгалоо жана аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.
Имарат пайдаланууга берилгенден кийин мектепте эки нөөмөт менен 2 миңге жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.