Бишкектен Казанга туруктуу каттамдардын көбөйүшү күтүлүүдө

2023-жылдын 15-июлунан тартып «Урал аба жолдору» Бишкек-Казань-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткарууну максат кылууда.

«Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, авиакаттамдар жумасына бир жолу — ишемби күндөрү аткарылмакчы.

Эскерте кетсек, башка авиакомпаниялар бул багыт боюнча жумасына 5 жолу – дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана ишемби күндөрү каттамдарды аткарышат.

15 Июль 2023 жыл 11:47

Тема боюнча