Бишкектин борбордук бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылды

Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөөгө байланыштуу Бишкектин борбордук бөлүгү транспорт кыймылы үчүн жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 1-июнда саат 07:00дөн баштап майрамдык иш-чара аяктаганга чейин Чүй проспектиси Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин жабылды.

«№7, №34, №38 автобустар жана №111, №134, №137, №138, №166, №211, 220 маршруткалар Ала-Тоо аянтын айланып өтүп, Тыныстанов, Киев, Тоголок Молдо көчөлөрү менен жүрөт», — деп белгилешти мэриядан.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамдарды алдын ала пландап алууну өтүнөт.

1 Июнь 2023 жыл 11:57

Тема боюнча