
Бишкектин четиндеги көк бөрү оюнунда улакчы каза болгону маалымдалды. Маалыматтарга караганда, кырсык бүгүн, 12-мартта, «Азамат» унаа базарынын жанындагы ат майданда болгон.
Анда «Бөрүлү» жана «Бүркүт» командалары беттешип жаткан. Видеодон оюнчу улакты жерден алайын деп эңкейгенде башка улакчы аргымагы менен койдуруп кеткенин көрүүгө болот.
Тез жардам кызматы оюнда 44 жаштагы киши башынан жаракат алып, каза болгонун тастыктаган. Милиция окуя боюнча маалымат бере элек.